Азия Өнүктүрүү Банкы коронавирус менен күрөшүүгө каражат берет. COVID-19 менен күрөшүү үчүн аталган банк менен инвестициялык долбоор боюнча макулдашуу жетишилгенин Каржы министрлиги билдирди. Сумманын жалпы көлөмү 20 млн доллар. Мындан сырткары, COVID-19 менен күрөшүүгө байланыштуу медициналык каражаттардын тизмеси жана башка чыгымдар Ислам Өнүктүрүү банкына жиберилди. Зарыл медициналык каражаттарды Ислам Өнүктүрүү Банкынын учурда иштеп жаткан долбоорлорунун алкагында сатып алуу мерчемделүүдө. Мында 15 млн доллардай каражат үнөмдөлөт деп күтүлүп жатканы Каржы министрлигинин маалыматында айтылат.