Коргонуучу каражаттар жетиштүү
Новость

Бүгүнкү күндө медицина кызматкерлери коргонуучу каражаттар менен толук камсыздалган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, медиктер коргонуучу каражаттар менен толук камсыздалды. “Азыркы убакта коргонуучу каражаттар жетиштүү. Бул боюнча бардык чаралар көрүлүүдө”, - деп кошумчалады ал. Каратаев белгилегендей, биринчи убакта коргонуучу каражаттар жетишпей калып жаткан. “Азыр дагы жер-жерлерде коргонуучу каражаттардын жетишпеген учурлары болуп калып жатат. Бирок, биз бул муктаждыктарды чечүүдөбүз. Белгилеп кетсек, кечээ эле Кытайдан гуманитардык жардам катары коргонуучу каражаттар келди. Мындан мурда Өзбекстандан алып келинген”,- деди ал. “Эгер коргонуучу каражаттарды колдонуу боюнча айта кетсек, беткаптарды ар бир үч саат сайын алмаштырып туруу керек, ал эми костюмдарды бир кирип чыккандан соң, алмаштыруу зарыл. Колдонулган беткап, колкап, костюмдар өрттөлүшү керек”, - деп түшүндүрдү министрдин орун басары.