Муктаждарга мамлекет тарабынан жана жеке тараптардан кайрымдуулук көрсөткөндөр арбын. Жардамдар алыскы аймактарга чейин жеткирилүүдө. Калктын аярлуу катмарына азык-түлүктөр таратылып жатса, медициналык каражаттар түрүндө да гуманитардык жардамдар берилүүдө.
Бишкек шаары боюнча аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү улантылууда. Борбор боюнча гуманитардык жардамга жана колдоого муктаждардын саны арбын. “Жардам штабына” күнүнө кайрылгандар буга далил. Ун, суу май, күрүч, кум шекер, кесме, чай, картошка, сабиз өңдүү күнүмдүк керектөөгө зарыл болгон азыктар салынган баштыктар шаардын жака белиндеги конуштардын муктаж тургундарына чейин таратылууда.
Мындай учурда “жардам штабына” араб фондулары да жардам берүүдө. Алардын бири Ас-Сафа фонду борбордун 3 миңден ашык тургунуна азык-түлүктөн турган баштыктарды таратты.
Ушундай эле азык-түлүктөр өлкөнүн башка да аймактарынын муктаж болгон үй-бүлөлөрүнө таратылууда. Мындай учурда мамлекет тарабынан, ишкерлер, компаниялар, бей өкмөт уюмдар, активдүү жарандар колунан келген жардамын аяган жок. Аймактарда атайын эсептер ачылып муктаждардын тизмеси түзүлүп таратылууда.Коронавирус инфекциясынын кесепеттерин жоюу үчүн ачылган атайын эсепке 116 млн 808 миң сом түштү.
Бул каражатты пайдалануу, максаттуу жумшоо коомчулуктун көзөмөлүндө болот. Бул үчүн www.help.covid.kg онлайн платформасы ишке кирди. Эсепке түшкөн каражатты бөлүштүрүү боюнча комиссия иш алып барууда. Ага мамлекеттик жооптуу кызматкерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү кирген. Бул сайтта жеке ишкерлерден, башка мамлекеттерден келип жаткан гуманитардык жардамдар, медициналык каражаттар кимге берилгени тууралуу маалыматтар дагы жайгаштырылат.