ИИМ: Коменданттык сааттын эрежесин бузгандар
Новость www

13-апрелге карата коменданттык сааттын шартын бузган 88 жаран кармалып, 3 унаа токтотулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Алардын ичинен Бишкек шаары боюнча - 56, Ош шаары боюнча - 16, Жалал-Абад шаары боюнча - 10, Сузак району боюнча – 5, Кара-Суу району боюнча - 1 жаран кармалып, ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Ал эми, Ноокат районунда тартип бузуулар катталган жок. "Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен коё берилди. Жалпысынан алганда өлкө аймагында 2472 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милиционеры патруль тобу менен кармалган", - деп айтылат маалыматта.