Өзгөчө абалды узартуу боюнча сунуш киргизилди
Новость КТРК

POST1RIGHT Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жалпы медицина кызматкерлеринен кечирим сурады. Брифингде Боронов медицина кызматкерлерине кайрылып, "эгерде кандайдыр бир маалымат аброюңуздарга шек келтирсе, анда туура түшүнүңүздөр, андай ой менен айтылган маселе эмес",- деди. 

Ал мындан мурда өткөн жыйында медиктердин оорусу боюнча айтылган маалыматты айрым медицина кызматкерлери өз дарегине кабыл алып алганын айтты. Ошондой эле Биринчи вице-премьер-министр жугуштуу илдетке чалдыккандардын саны көбөйүп жатканына байланыштуу адистер коменданттык саатты узартууну сунуштап жатканына токтолду. Учурда Республикалык ыкчам штаб чет мамлекеттерден келе албай жаткан мекендештердин да маселесин чечүү жолдорун издөөдө.