POST1RIGHT 14-апрелге карата коменданттык сааттын талаптарын бузгандар азайды. Өзгөчө абал киргизилген аймактарда коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыгы үчүн 14-апрелге караган түнү 46 адам кармалды.
Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, кармалгандар Бишкек шаарында – 40, Жалал-Абад шаары боюнча – 6.
Ал эми Ош шаарында, Сузак, Кара-Суу жана Ноокат райондорунда тартип бузуулар катталган жок. Кармалгандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, коменданттык саат аяктаганда кое берилди.
ИИМ жарандарды өзүнүн, жакындарынын жана жалпы өлкөнүн коопсуздугу үчүн тартипти бекем сактоого чакырып, ар бир тартип бузуунун артында жоопкерчилик турганын эскертти.