Сооронбай Жээнбеков: "Өзгөчө абал режимин узартуу - зарыл кадам"
Новость KTRK/videograp

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынына катышты. Мамлекет башчысынын катышуусу менен Өкмөттүн жаңы дайындалган мүчөлөрү ант берди. Президент өлкөдөгү абалга байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылып, сөз сүйлөдү. Дүйнөдөгү мамлекеттер сыяктуу эле Кыргызстан дагы оор сыноону баштан кечирип жатканын айткан мамлекет башчысы өлкөдө коронавирус илдетине байланыштуу кырдаал оңой эмес, - деди. 

Дарыгерлердин тынымсыз аракети менен бул оорудан айыккандар бар экенин, бирок, илдетке чалдыккандардын саны өсүп жатканын айтты. Адистердин анализи боюнча, Кыргызстанда ооруга туш болгон учурлардын көбөйүүсү — апрелдин экинчи жарымына туура келет деп божомолдонуп жатканын кошумчалады. Жарандардын ден соолугу жана өмүрү баарынан кымбат экенин айткан президент, адамдардын саламаттыгын коргоп, өмүрүн сактап калуу үчүн мамлекет баардык чараларды көрө тургандыгын баса белгиледи. Коомду бул илдеттен коргоп калуунун бир гана куралы -санитардык-гигиеналык талаптарды аткаруу жана бекем тартипти сактоо болуп турат, — деди. 

Жарандар өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын эрежелерин сактаганы үчүн - кырдаалдын мындан да курчуп кетишине жол берилбегендигин айтты. Күнүмдүк турмуштагы ыңгайсыздыкка карабай, айрым аймактардагы өзгөчө абал режимин узартуу жана киргизүү — эң зарыл кадам экенине токтолду. Чектөөлөр айрым мекендештердин жашоо тиричилигинде кыйынчылыктарды жаратып, экономикага олуттуу залал тийгизип жатканын кошумчалады. “Мамлекет тарабынан жасалчу социалдык коргоонун баардык механизмдерин колдонобуз. Аярлуу катмардагы жарандарды күнүмдүк тамак-аш менен камсыз кылуу маселесин чечебиз. Пенсиялар, жөлөк пулдар, айлык акылар сакталат, өз убагында берилет.Өкмөт бул багыттагы иш-чаралар үчүн зарыл болгон резевдердин баарын колдонууга мүмкүнчүлүгү бар. Эл аралык өнөктөштөр менен активдүү иштеп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз”, - деди Сооронбай Жээнбеков.