Сасык тумоо же башка ооруулар болсо жарандар обсервацияга алынабы?
Новость KTRK/videograp

"Эгер жаранда сасык тумоо же башка ооруулар болсо дагы обсервацияга алынабы?",- деген суроого Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев жооп берди. 

“Эгер башка оорулар менен ооруп калса, үй-бүлөлүк медициналык уюмдарга телефон аркылуу кайрылуу керек. Алар жарандын үйүнө барып текшерип, анализ алышат. Эгер жаранда коронавирус инфекциясынын белгилери байкала турган болсо, анда обсервацияга алынат”, - Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев.