Өлкө башчы парламентте сөз сүйлөдү
Новость

Коронавирус менен Кыргызстан да активдуу күрөшүүдө. Ушул жылдан 25-мартында жарыяланган озгочо кырдаал абалы бугун токтомок. Бирок, апрель айынын сонуна чейин узартылды. Мамлекет башчысы“Ар бир мекендешибиздин ден-соолугу жана өмүрү баарынан жогору. Экономикалык жоготууларга карабай адам өмүрүн сактап калуу маанилүү”. Президент бүгүн Жогорку Кеңеште кайрылуу жасады. Өлкө башчысы кыргызстандыктарды, мамлекеттин, балдардын келечеги үчүн ынтымакка жана биримдикке чакырды. Ошол учурда жарандык жогорку жоопкерчиликти жана катуу тартипти сактоо зарылдыгын белгиледи. Учурдагы экономикалык кырдаалга да токтолду. Бул күрөштө биз жалгыз эмес экенибизди айтып, эл аралык каржы мекемелери жана уюмдар , шериктеш, өнөктөш өлкөлөр менен тыгыз кызматташуу жолго коюлгандыгын билдирди.