Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында бейтаптарды кабыл алуу кадимки тартипте. Дарыгерлер тиешелүү бардык каражаттар менен камсыздалган. Балдар бөлүмүнұн врач-педиатры Айдай Сапарбаева бүгүн нөөмөттө. Аны менен бирге кабыл алуу бөлүмүндө 3 дарыгер иштеп жатат. Ар бир кызматкер атайын коргоочу кийим жана башка каражаттар менен камсыз болушкан. Талап кылынган эрежелер менен иштеп, коопсуздугубузду коргоп жатабыз деген жаш дарыгер, кооптонуу бар экенин айтат.