Коменданттык сааттын эрежесин бузган 70 жаран кармалып, 15 унаа токтотулган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Эреже бузгандардын ичинен Бишкек шаары боюнча - 39 Жалал-Абад шаары боюнча – 3, Ош шаары боюнча - 11, Нарын шаары боюнча - 8, Ноокат району боюнча - 2, Ата-Башы району боюнча - 7 жаран кармалып, ички иштер бөлүмдөрүнө жеткирилген. Ал эми Кара-Суу жана Сузак райондорунда тартип бузуулар катталган жок. Жалпысынан 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2646 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу тарабынан кармалды. 30-апрельге чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаарлары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак, Ат-Башы райондорунда коронавирус пандемиясына байланыштуу өзгөчө абал режими киргизилген.