Бишкекте өзгөчө абал киргенден бери шаар ичинде жүрүү үчүн жасалма уруксат кагазын колдонгон 52 учур катталды. Борбор калаанын коменданты аларга байланыштуу тергөө иши жүрүп жатканын билдирди. Ал эми коменданттык сааттын талаптарын эки миңге жакын адам бузган. Чектөөлөрдөн улам ишканаларда жумуш токтоп, күнүмдүк каражатын тапкан жарандар үйлөрүндө отурат. Борбор калаадагы жардамга муктаж жарандарга азык-түлүк жеткирүү уланууда.