POST1RIGHT
"Биз бардык муктаж жарандарды азык-түлүк менен камсыздаганга аракет кылабыз". Бул туурасында онлайн брифингде Маданият, маалымат жана туризм министри АЗАМАТ ЖАМАНКУЛОВ гуманитардык жардамдар жонундө айтып жатып билдирди. Ушул тапта Кыргызстанда үч жүз миңден ашык үй-бүлө азык-түлүккө муктаж экени аныкталды. Өкмөт менен кайрымдуулук уюмдары аларга каралашып жатат.
Кыргызстандын бардык аймагынан тактай келгенде 359 миң 703 үй-бүлө азык-түлүк жардамын алганга муктаж деп табылган. Өкмөт баш болуп, коомдук уюмдар, ишкерлер, коомчулук бардыгы "жардам берели" деп колдон келген салымын кошуп жатат. Бүгүнкү күнү аялуу катмардагы адамдардын 70 пайыздан ашыгы тиешелүү азык-түлүк жардамын алды. Кимдер экени, так саны бардыгы сакталуу турат.