Дагы 18 медкызматкерден коронавирус аныкталды
Новость KTRK/videograp

POST#RIGHTКыргызстанда бир сутка ичинде коронавирусту дагы 18 медкызматкер жуктуруп алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, ушуну менен илдетти жуктурган медкызматкерлердин жалпы саны 134гө жетти.