ОШ: Гуманитардык жардам уланууда
Новость

Ош шаарында 10 миң үй-бүлөгө гуманитардык жардам таратылды. Аталган шаардын мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 10 кг ун жана 1 литр май түрүндөгү азык-түлүк аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, көп балалууларга жана азыркы кырдаалда муктаждыгы жаралган үй-бүлөлөргө берилүүдө. Мэриянын тапшырмасы менен жардамдар үй-бүлөлөрдүн каттоосуна карабай таратылууда. Атайын комиссия Өзбекстандан гуманитардык жардам катары келген ундан Ош шаарына 100 тонна бөлүнүп, 10 миң үй-бүлөгө 10 килограммдан таратууну чечкен. Ал эми 10 миң литр май мэриянын атайын эсебине түшкөн каражатка сатылып алынган. Гуманитардык жардамды муниципалдык аймактык башкармалыктар, социалдык кызматкерлер, жарандык коомдун өкүлдөрү, кварталдык комитеттер жана мэриянын кызматкерлери таратууда.