Сооронбай Жээнбеков: "Социалдык коргоо аракети күчөтүлөт"
Новость www

Өзгөчө абал учурунда социалдык жардамга муктаж болгон ар бир үй-бүлөгө мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлөт. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровду кабыл алганда билдирди. Азыркы учурга карата 200 миңден ашык адамга даректүү жардамдар берилди. Өлкө башчысы муктаж жарандарга колдоо иш аракетин дагы да күчөтүп, ошондой эле өзгөчө көзөмөлдө болушу керектигин белгиледи. Бардык социалдык төлөмдөрдү өз убагында жүргүзүүнү тапшырды.