Коронавирус кырдаалында түзүлгөн "Жардам" штабы катарына ыктыярчыларды чакырууда. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Ага ылайык, штабга курагы 18ден 45 жашка чейинки Бишкек шаарынын тургундары кошула алат. "Ыктыярчылар алгач онлайн окуудан өтүп, иш учурунда колкап, беткап, антисептик менен камсыз болот. Алар азык-түлүктөрдү түшүрүү жана таңгактоо менен алектенишет", — деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, "Жардам" штабынын ишин координациялоого эки министрлик, бир агенттик тартылган. Мындан сырткары коомдук уюмдар, бизнес-ассоциациялар, ыктыярчылар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жапа тырмак киришип иштөөдө. Жардамга муктаждар 1227 түз номерине, 1227.tunduk.kg сайты жана "Жардам" штабынын тиркемесине, ушундай эле аталыштагы Facebook, Telegram баракчалары аркылуу кайрылса болот.