Бишкек: коменданттык саатты бузган 43 жаран кармалды
Новость

Бишкек шаарында коомдук абал туруктуу жана көзөмөлдө. Бул туурасында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев Республикалык штабдан борбор калаадагы абал тууралуу маалымат берип жатып билдирди. Өткөн түнү коменданттык саатты бузган 43 жаран кармалган, анын 39 эркек, 4 аял. Өзгөчө абал жарыялангандан тарта 2 миң 300 ашык эреже бузган адам кармалып, аларга өзгөчө абал учурундагы мыйзамдын негизинде 2222 протокол түзүлгөн. Алмазбек Орозалиев орозо айында ооз ачтыруу сооп иш экенин, бирок бул жылы түзүлгөн кырдаалды эске алып, аларды өткөрүүгө тыюу салынганын белгиледи. Комендант убактылуу чектөө учурунда конок чакырып, үйгө эл чогултуу жана массалык намаз окууга жол берилбесин айтып, элди ыйык айда сабырдуулукка чакырды. Буга чейин комендатура тарабынан режимге байланыштуу унаалардын агымын кыскартуу максатында Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн 77 жерине тосмолор коюлган болчу. Комендант тосмолордун кайрадан алынып салынышы тууралуу түшүндүрмө берди.