“Элден элге бекер нан” кайрымдуулук акциясы уланууда
Новость

“Элден элге бекер нан” кайрымдуулук акциясы уланууда. Бул акция Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын колдоосу менен демилгелүү жарандар тарабынан уюштурулган. Борбор калаанын чет жакасындагы конуштарда жашаган, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлүүдө. Ал эми нан азыктары Бишкек шаарындагы №47, №2 жана Чүй облусундагы Ново-Покровка айылындагы №3 Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын абак жайларындагы набайканалар тарабынан жасалууда. “Элден элге бекер нан” акциясынын уюштуруучулары билдиргендей, бир эле наабайканадан күнүгө 600 чукул нан таратылууда.