Өлкөдө коронавирус илдетинин жайылышын токтотуу жана алдын алуу иштерине тартылган аскер кызматкерлери бардык зарыл болгон каражаттар менен камсыздалышы керек. Бул маселени президент Сооронбай Жээнбеков Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын башчысы Райымберди Дүйшөмбиев менен талкуулады. Өзгөчө абал кирген аймактарда коменданттарга ар тараптуу колдоо көрсөтүү, ага катар блокпосттордон күнүмдүк турмушка керектелчү товарларды эркин ташууга мүмкүнчүлүк түзүү негизги тапшырмалардан болду.