Жакында Дубайдан мекендештер келет
Новость

Дубайдан дагы 450 киши 3-жана 10-майга пландалган каттам аркылуу мекенине келишет. Бул тууралуу Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы башкы консулдуктан билдиришти. Дипломатиялык өкүлчүлүк акчасыз калган мекендештер үчүн билет алуу жолдорун издеп жатат. Жарандардан келген өтүнүчтөрдү канааттандыруу максатында Бириккен Араб Эмираттарындагы демөөрчүлөр, кайрымдуулук фонддору менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. jardam.uchak@gmail.com деп аталган атайын электрондук почта ачылган. Ага жарандар арыз менен кайрылып, паспортунун жана визасынын көчүрмөсүн жиберсе болот" - деп айтылат консулдуктун маалыматында.

Бүгүн эмираттардагы Кыргызстандын 15 жаранына учуп келгенге чейин акысыз убактылуу жашоочу жайды тамак-ашы менен камсыздады. Электрондук почтага тамак-аш жана жашай турган жай муктаждыгы менен 33 жаран кайрылган.

Аталган мамлекетте 3,5 миңдей кыргызстандык жашап, иштейт. Өкмөт алардын жашай турган жай жана тамак-аш маселесин чечүү үчүн 5 млн сом бөлгөн.