Кыргызстанда "Өлбөс полк" акциясы онлайн форматта өтөт
Новость KTRK/videograp

Кыргызстан дүйнө өлкөлөрү менен катар эле, ушул жылы Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгын белгилейт. Маданият маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, "Өлбөс полк" акциясын өткөрүүнү улантуу бул маанилүү иш-чаралардын бири. Дүйнөдөгү анын ичинде өлкөдө коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу жарандардын ден соолугун коргоону камсыз кылуу үчүн онлайн форматта "Өлбөс полк" акциясын өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынган.

"Өлбөс полк" уникалдуу долбооруна катышуу үчүн www.1945.srs.kg сайтына кирип катталуу керек.

Катышуучу болуу үчүн эмне кылуу керек?

· Улуу Ата Мекендик Согуштун катышуучусунун сүрөтүн алдын ала даярдап алыңыз;

· Улуу Ата Мекендик Согуштун катышуучусунун аты-жөнүн киргизиңиз;

· Улуу Ата Мекендик Согуштун катышуучусу жөнүндө кыскача маалымат бериңиз;

· Файлдарды www.pobeda.srs.kg сайтына кирип жүктөңүз.