Ошто муктаждарга жардам берүү уланууда
Новость

Аймактагы өзгөчө абалдын мөөнөтүнүн узартылганына байланыштуу, жардамга муктаж жарандар үчүн мамлекет тарабынан Ош шаарына 22 млн сом каражат бөлүнгөн. Ар бир үй-бүлөгө 800 сомдон эсептелинген азык-түлүк баштыгы бул жолу 27 миң 700 үй-бүлөгө берилет. Турмуштук оор кырдаалга кабылган жарандардын өздүгү 1227 “Түндүк” тутумуна катталган. Мамлекет тарабынан берилген жардамдын 1-траншы апрелдин 24үндө 5 миң үй-бүлөгө жеткирилген. Жардамга муктаждарды тактоодо аймактык муниципалдык башкармалыктар үймө-үй иликтөө жүргүзгөн. Натыйжада, гуманитардык жардамга катталгандардын саны калаада 50 миңден ашкан. Бейрасмий маалымат боюнча, шаарда 65 миң кожолук же, 600 миңден ашуун эл жашайт. 18-марттан бери Ош шаарында жалпы 42 миңдей үй-бүлөгө азык-түлүктөн жардам берилди. Мамлекеттин материалдык резервдер фондунан келген 230 тонна ун да бөлүштүрүлгөн. Муктаждыкты жоюуда, демөөрчүлөр, ишкана-уюмдар да көмөктөшүүдө. Гуманитардык жардамдарды даректүү, адилет бөлүштүрүү максатында атайын элдик комиссия иштөөдө.