Бишкек шаарында такси кызматтарынын иши жанданды
Новость KTRK/videograp

1-майдан баштап Бишкек шаарынын такси кызматтарынын иши жанданды. Бирок алар санитардык жана коопсуздук эрежелерин так аткарып, жүргүнчүлөрүнүн санын азайтышы керек болот. Карантин учурундагы жаңы талап боюнча алар кандай эрежелер?


Унаанын документеринен жана айдоочулук күбөлүктөн тышкары, салык төлөп келгенин ырастаган патент жана электрондук өткөрмө талап кылынууда, ал эми аны “Түндүк” сайтынан алууга болот. Бүгүн биринчи күн болгондуктан кайгуул милициясынын кызматкерлери таксисттерге документтер толук болушу керектигин эскертишүүдө.