Чет элдик жарандар 1-июнунга чейин өлкөдөн жолтоосуз чыгып кете алышат
Новость www

Кыргызстандын аймагында жүргөн чет элдик жарандар жана жарандыгы жоктор 2020-жылдын 1-июнуна чейин өлкөдөн чыгып кете алышат. Бул убакыт аралыгында алардан каттоосу жана визасы талап кылынбайт. 

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, Кыргызстандын кээ бир аймактарында өзгөчө абал режиминин узарышына байланыштуу чет элдиктер үчүн "жашыл коридордун" мөөнөтүн узартуу чечими кабыл алынган. Мындай жеңилдик боюнча сунуш ТИМ тарабынан демилгеленген.