Улуу Жеңишке 75 жыл: ардагерлер менен ооруктун эмгекчилери мааракелик медаль менен сыйланат
Новость KTRK/videograp

6-майда, Кыргызстандын шаарлары менен райондорундагы аскер комиссариаттары менен биргеликте, жергиликтүү бийлик органдары Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин жана ооруктун эмгекчилерин «1941-1945–жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл» мааракелик медалы менен сыйлоо иштерин баштады. 

Ошол эле маалда ардагерлер менен ооруктун эмгекчилерине Россия Федерациясынын Президентинин атынан дагы «1941-1945–жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл» деген мааракелик медаль да тапшырылат. Россия тараптын аталган медалды уюштуруу жана жасап чыгуу демилгеси 2018-жылдын 28-сентябрында, КМШнын мамлекет башчыларынын кеңешинин чечими менен бекитилген. Медаль жалпы КМШ аймагында бирдиктүү болуп саналат. 

Эске салсак, 2020-жылдын 30-апрелинде Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Куралдуу күчтөрдүн башкы штабы өкмөт менен биргеликте Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин жана ооруктун эмгекчилерин Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган мааракелик медаль менен сыйлоону ишке ашырат. Кыргызстанда сыйлана турган согуш ардагерлеринин (согуштун катышуучулары, майыптар, концлагерлердин жашы жетпеген туткундары жана Ленинград блокадачылары) жалпы саны 234 адам.