Улуу Жеңиш тууралуу сынак
Новость

Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган “Аталардын эрдиктерин даңктайбыз” онлайн сынагына катышуу үчүн эки миңден ашык видеоматериалдар келип түшкөн. Онлайн фестиваль ушул жылдын 27-апрелинен 8-майга чейин уланып, балдардын эмгектери алардын жаш курагы боюнча категорияларга бөлүнүп бааланат. Ал эми атайын комиссия мыкты тасманы тандап, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жеңүүчүлөрдү аныктайт.