541 кыргызстандыктар келди
Новость

 Орусиянын Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарынан эки күн мурда чыккан кыргызстандыктар бүгүн эртең менен өлкө аймагына келишти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. 541 кыргызстандыктын кайтып келиши Казакстанда жарыяланган өзгөчө кырдаал аяктаганга чейин орус-казак чек арасына жакын жайгашкан кыргыз жарандарын гуманитардык жактан алып келүү боюнча казак тарап менен жетишилген келишимдердин алкагында жүргүзүлдү.

Казак бийлиги тарабынан киргизилген катуу чектөөлөрдөн улам Казакстандын аймагынан аларга өз унаасы менен өткөнгө уруксат берилген эмес.

"Жол полициясынын коштоосунда атайын жүргүнчүлөр транспорту үчүн транзиттик коридорду берүү жөнүндө чечим Кыргызстанга жарандарды коопсуз шартта алып келүүгө мүмкүнчүлүк берди", - деп айтылат Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө. Келген жарандардын баары медициналык текшерүүдөн өтүү үчүн обсервация жайларына жайгаштырылат.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги боордош Казакстандын аймагында өзгөчө кырдаал дагы деле болсо уланып жаткандыгын жана ага ылайык чет өлкөлүк жарандардын кириши чектелгенин. Ушуга байланыштуу, Соль-Илецктен мекенине кайтып келиши Россиядагы мекендештерибиздин орус-казак чек арасын көздөй сапар алышы үчүн стимул болбошу керектигин эскертет. Тышкы иштер министрлиги айрым адамдардын провокацияларына алдырбоого жана сабырдуу болууга чакырат.