Бишкек мэриясы муктаж үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү иштерин улантууда
Новость www

Бишкек мэриясы кайдыгер эмес жарандар менен биргеликте муктаж үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү иштерин улантууда. Негизги көңүл шаардын айланасындагы конуштарда жашагандарга бөлүнүүдө. Бүгүн Кызыл Курулушчу конушунун тургундарына экинчи ирет жардам берилди.POST1RIGHT

Жай турмушта Ырысбек Чокоев ширетүүчү болуп иштечү. Коронавируска байланыштуу өзгөчө абал киргени жумушу токтоп, үйдө 3 баласы менен отуруп калды. Бүгүн анын үй-бүлөсүнө экинчи ирет азык-түлүк алып келишти.

Өзгөчө абал киргени анын качан аяктаары белгисиз эле. Ошондуктан айрым үй-бүлөлөр жардамдан баш тартышкан. Бирок бүгүн, бир жолку жардам жетишсиз экени белгилүү болуп, экинчи ирет кайталанууда.