Жеңиш аянтында Улуу Жеңиштин 75 жылдыгынын урматына митинг-реквием өттү
Новость KTRK/videograp

Бүгүн 9-майда Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтында, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгынын урматына митинг-реквием өттү. 

Президент Сооронбай Жээнбеков Өчпөс отко гүл коюп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду бир мүнөттүк аза күтүү менен эскерди. 

Иш-чарага Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева, экс-президент Роза Отунбаева, өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Райымберди Дүйшөнбиев катышты.