«Реформа жана жыйынтык үчүн»: кайгуул милициянын ишине баа берүү
Новость

«Реформа жана жыйынтык үчүн» жарандык бирикмеси Бишкек шаарынын жарандары үчүн Кайгуул милициянын ишине баа берүү боюнча онлайн сурамжылоо жүргүзүүдө. Жарандык бирикме кабарлагандай, онлайн сурамжылоо Бишкекте өзгөчө абал киргизилген убактагы милициянын аракетине баа берүүгө багытталган. 

Сурамжылоо анонимдүү жүргүзүлөт жана жыйынтыгы сунуш катары тийиштүү органдарга жөнөтүлөт. Онлайн сурамжылоого бардык жарандар катыша алат. Белгилей кетсек, Бишкек шаарында 11-майдан баштап өзгөчө абал режими токтотулган. Бирок өзгөчө кырдаал режими уланууда. Шаарга кирүүдө айрым карантиндик посттор иштеп жатат. Ошондой эле, Кайгуул милиция карантин эрежелерин бузгандарга көз салмакчы.