POST1RIGHT
Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, дүйнө жүзүндө жалпы коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 4,5 миллионго чамалады. Ал эми бул илдетти 1 млн 500 миңден ашык киши жеңип чыкса, вирус жуккан 300 миңден ашуун бейтап каза болду. Илдет көп аныкталгандардын башында АКШ турат.
Бул мамлекетте 1 млн 400 миң кишиден коронавирус аныкталып, 85 миңден ашуун бейтап көз жумду. Расмий маалымат боюнча 250 миңден ашык кишиден COVID-19 вирусу табылган Орусия экинчи сапта. Бул өлкөдө 2500дөн ашык киши каза болду. Ал эми кийинки орунда Улуу Британия турат. Бул мамлекетте 230 адам аталган вирусту жуктуруп алганы аныкталып, 33 миң бейтап жарык дүйнө менен кош айтышты.