POST1RIGHT
Кыргызстанда коронавирустан дагы эки бейтап каза болду. Алардын бири Нарында, дагы бири Бишкектеги ооруканада дарыланып жаткан. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев кабарлады.
Муну менен өлкөдө кооптуу илдеттен көз жумгандардын жалпы саны он төрткө жетти. Соңку суткада коронавирус 29 адамдан табылды. Алардын он бири Нарын облусунда жашайт. Март айынан бери илдетке чалдыккан адамдын саны 1111ге жетти. Бейтаптардын 745и сакайып, калган 350дөн ашыгы ооруканада. Обсервацияда бир жарым миңден ашуун адам бар.