Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров министрликтин тийиштүү бөлүмдөрүнүн жана ведомстволорунун башчыларынын катышуусу менен Чу дарыясынын жээгиндеги кооптуу аймактарды кыдырды. Алгач, Чүй районунун Алчалуу айыл аймагын аралап өткөн Бурана суусунун жээгине барды. POST1RIGHT
Аталган аймакта Бурана дарыясынын жанында жайгашкан дамбаны механикалык тазалоо иштери пландаштырылууда. Иштин жалпы узундугу 1,5 чакырымды түзүп, натыйжада Алчалуу айылындагы 90 турак жай корголот. Андан соң, Кемин шаарындагы Учхоз участогун жеринен көрүп, Чу дарыясынын жээгин коргоо боюнча маселелер талкууланды. Аталган аймакта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жээк бекемдөө иштерине долбоордук-сметалык документтер даярдалып, жумуш жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте жүргүзүлөт. Андан ары, министр Аламүдүн районунун Васильевка айылындагы Чу дарыясынын жээгин коргоо иштерин текшерди. Учурда жумуш 80% га аяктаган, 10 күндүн ичинде толугу менен бүткөрүлөт.