Иорданиядан 5 кыргыз жараны Бишкекке келди
Новость www

Иорданиядан 5 кыргыз жараны Бишкекке келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматта айтылгандай, Кыргызстан менен Казакстандын тышкы иштер министрликтери Иорданиядагы жарандарын кайтарып келүү жолдорун иштеп чыкты. 

Маалыматка ылайык, мекендештер Иорданиянын «Air Jordanian» авиакомпаниясынын чартердик каттамы аркылуу Алматы шаарынын аэропортуна келип конгон, ал жактан Бишкек шаарына атайын унаа менен алынып келинген. 

Бардык келген жарандар бекитилген медициналык процедуралардан өтүү үчүн Кыргызстандагы обсервациялардын бирине жайгаштырылган. Кыргызстандын жарандарын кайтаруу иштери уланууда.