Баткенде санитардык талаптарды аткарбаган 28 ишканага айып пул салынды
Новость turmush.kg

Баткен облусунда санитардык талаптарды аткарбаган 28 ишканага айып пул салынганын өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди. 

Ага ылайык, Баткен облусунда 11-майдан тарта ишин жанданткан тармактарга күн сайын рейд жүргүзүлүп, санитардык талаптардын аткарылышы көзөмөлгө алынып жатат. 

Натыйжада Облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан ишканаларга санитардык талаптарды сактоо боюнча 202 эскертме кат берилген. Ага карабай эреже сактабаган 117 ишканага эскертүү берилип, 28ине айып пул салынды, — деп айтылат маалыматта. 

Ишканаларга салынган айып пул 40 миң сомду түзгөнү кошумчаланды. Баткенде 1-майда 1500, 11-майдан бери дагы 1400дөй ишкана ишин жанданткан.