POST1RIGHT Дүйнөлүк банктын жетекчиси Дэвид Малпасс коронавирус пандемиясынын кесепетинен дүйнө жүзү боюнча 60 миллиондой киши жакырчылыкка кептелиши мүмкүн экенин билдирди. Анын айтымында, коронавирус жакырчылыкка каршы күрөшүүдөгү акыркы үч жылдагы аракетти жокко чыгарышы ыктымал.
Мындан улам, 2021-жылдын жарымына чейин жүздөгөн өлкөлөргө 160 миллион доллар насыя берүүнү пландап жатканын кошумчалады. Ошондой эле, ал бул аракет жетишсиз экенин айтып, башка кредитор өлкөлөрдү дагы жардамга чакырды. Белгилей кетсек, буга чейин “Чоң жыйырма” (G-20) уюмуна кирген өлкөлөр жаңы өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин насыя төлөөсүнө убактылуу мораторий жарыялаган.