24-январдан тарта жабык турган “Эркештам” чек ара бекетинин иши 14-апрелден жанданды. Иш ыргагы жаңы эреже, талаптар менен коштолууда. Аталган жайдан күнүнө 8-12 оор жүк ташуучу унаа өтүүдө.
Эрежеге ылайык, айдоочулар 2 топко бөлүнгөн. Кыргызстан тараптан барган айдоочулар бекеттен ары өткөрүлбөйт. Жүгү менен даяр турган Кытай тараптагы чиркегичтерди унаасы менен гана алып чыгып берет. Кызматташуу белгиленген аянтчада, байланышсыз жүргүзүлөт. 3 жылдан бери жүк ташыган Бакытбек Касымов жаңы эреже менен үчүнчү ирет жүк алып өтүүдө.
Бир эле унаа кирип-чыкканда кеминде төрт ирет дезинфекциядан өтөт. Айдоочулар болсо 14 күндүк обсервацияга алынат. Анализи таза чыккан айдоочу гана кийинки нөөмөткө кабыл алынат.