POST1RIGHT
Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди. Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 1 миң 365 адамга жетти. "Жаңы учурлар Бишкек шаарында 3, 9 учур Санкт-Петербургдан келгендер арасында аныкталды, Чүй облусунда 1, Ош облусунда 1 жана Жалал-Абад облусунда 1 адам катталды.
15 жаңы катталган учурдун 10у сырттан келгендерден табылса, калганы оорулуулар менен байланышта болгондордун арасынан чыкты. Министрдин орун басары жүргүзгөн анализдин негизинде, COVID-19 вирусу көпчүлүк учурда чет өлкөдөн келген жарандарда тастыкталып жатканын кошумчалады.