POST1RIGHT
Акыркы суткада Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 8 бейтап айыкты. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдиргендей, муну менен өлкөдө коронавирустан сакайгандардын жалпы саны 957ге жетти.
"Бир суткада айыккандардын төртөө Бишкектен, экөө Нарындан, бирөө Жалал-Абаддан, бирөө Ош облусунан. Баарынан кайталап алынган анализи таза чыкты", — деди Үсөнбаев. Анын айтымында, муну менен өлкөдө коронавирустан сакайгандардын саны 957ге жетти.