Бет кап, дезинфекциялоо, коомдук унааларда жүргүнчүлөрдүн чектелген саны – бул катуу көзөмөлгө жана байкоого алынуучу милдеттүү талаптар. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында шаарлардын мэрлерине жана Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө кайрылып жатып биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов айтты.
«25-майдан баштап коомдук унаалар жүрөт. Мындай чечим жарандар ишине жетиши үчүн шарттарды түзүү максатында кабыл алынды. Бирок ар бир тарап – жергиликтүү бийлик органдары, транспорттук компаниялар, карапайым жарандар инфекцияны жугузуу тобокелдиги канчалык деңгээлде өскөнүн түшүнүүгө тийиш. Ошондуктан Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан жазылган санитардык эрежелер бекем сакталышы шарт. Бет кап, дезинфекциялоо, коомдук унааларда жүргүнчүлөрдүн чектелген саны – бул катуу көзөмөлгө жана туруктуу байкоого алынуучу милдеттүү талаптар. Азырынча аймактар аралык коомдук унаалар каттабайт», - деди Боронов.
Ыкчам штабдын жыйынына медицина чөйрөсүндөгү окумуштуулар коомчулугунун өкүлдөрү, ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин COVID-19 боюнча илимий-консультативдик эксперттик кеңеши чакырылган. Алар учурдагы эпидемиологиялык абал жана жакынкы бир нече айга мүмкүн болгон тобокелдиктер тууралуу көз караштарын айтып беришти. Медицина мекемелерин күзүндө инфекцияга чалдыккандардын санынын мүмкүн болгон өсүүсүнө даярдоонун, медицина кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуунун, мобилдик лабораторияларды өнүктүрүүнүн, жеке коргонуу кийимдерин жана тест-системаларды ата мекендик өндүрүү үчүн шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгү белгиленди. Калкты бул мезгилге даярдоонун, анын ичинде социалдык дистанция жана санитардык эрежелерди кынтыксыз аткаруу зарылдыгына өзгөчө басым коюлду.