Бишкекте бүгүн ачылган спорт залдары жана фитнес борборлоруна бир катар талаптар коюлду. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, администрация имаратты улам тазалап, желдетип турушу керек. POST1RIGHT
Кызматкерлер бет кап тагынып, дене табын улам текшерип турууга милдеттендирилет. Талаптардын аткарылышын санитардык кайгуул бригадалары көзөмөлдөйт. Ал эми жер төлөдө жайгашкан спорт клубдары азырынча ачылбайт.