Кыргызстандын жарандарын башка өлкөлөрдөн мекенине алып келүү өкмөттүн артыкчылыктуу багыттарынын бири бойдон калууда. Пандемия башталгандан бери сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 10 миңден ашуун кыргызстандык мекенине жеткирилди. Коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында алар аэропорттон эле текшерилип, обсервацияга алынды.