Бүгүндөн тарта шаар ичинде коомдук транспорттор жүрө баштады. Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб иши жандандырылган тармактар санитардык талаптарды так аткарышы керектигин, эреже бузулса, айып салынарын эскертүүдө.
Бул коомдук транспортко жүрүүнүн жаңы эрежеси. Жүргүнчүлөр унаанын алдыңкы гана эшигинен кирип, дароо санитайзерди колдонуп, колун тазалап алуу керек. Ошондой эле жүргүнчүлөр автобус толуп калгыча түшүп алып кооптуу жагдайга кириптер болбошу зарыл.