Мукар Чолпонбаевдин сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду
Новость

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаевдин сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүндө жерге берилди. Коштошуу зыйнатына бийлик өкүлдөрү, маркумдун жакындары жана бирге иштеген кесиптеш, санаалаштары катышты. Көпчүлүк Чолпонбаевдин мыйзам чыгаруу чөйрөсүндөгү ишмердигин эскеришти.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев каза болгону 24-майда кабарланды. Аны менен коштошуу зыйнатына чогулгандар маркумдун инсандык сапаттарын, ишмердигин да эскеришти. Президенттин аппаратынын жетекчиси мамлекет башчысынын атынан көңүл айтты.