Кыргызстанда бала бакчалардын ишин жандантуу маселеси чечиле элек. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. Анын айтымында, ведомство талдоо жүргүзүп, 9 миңден ашык ата-эне балдарын бакчаларга берүүгө даяр экенин аныктады. Бирок наристелердин саламаттыгы тууралуу пикирди эске алуу менен, чечимди шашылыш түрдө кабыл алуунун кереги жок, - дейт Жусупбекова.
Ишмердүүлүктүн жанданышы өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга көз каранды болот. Ал турукташса, республикалык штаб бала бакчаларды ачуу чечимин жарыялайт.