Россиядан келген мекендештердин арасында коронавирус жуктуруп алгандар бар
Новость KTRK/videograp


Бир сутка ичинде бортуна чет өлкөдөгү мекендештерибизди салган үч чартердик каттам келип конду. Анын экөө Россиядан келсе, бирөө Индияда дарыланып жаткан жарандарды алып келген учак. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев келгендердин арасында коронавирус жуктуруп алгандар бар экендигин тастыктады.