Монголиялык ишкерлер бет кап сатуучу автоматтарды ойлоп табышты
Новость KTRK/videograp

Монголиялык ишкерлер медициналык маскаларды сатуучу автоматтарды, же «масокматты» ойлоп табышты. Бул машина беткаптарды сатуу үчүн иштелип чыккан, ал суусундуктарды, шоколоддарды сатуучу автоматтар сыяктуу эле. 

Сатып алуучулар накталай акчанын жана смартфондун купуя кодунун жардамы менен бет кап сатып алса болот. Бул — колдонууга даяр болгон биринчи модель. Кийинки үлгүлөр кардарлардын көрсөтмөсүнө ылайык формасын же көлөмүн өзгөртүшү мүмкүн. Мындан тышкары, сатып алуучу масканы бирден же дүңүнөн сатып ала алат.