К.Боронов: "Базарларда санитардык талаптар катуу сакталсын" - Кыргызстан жаңылыктары
Новость KTRK/videograp

Кыргызстандагы бардык базарларда бет кап режими жана башка күчөтүлгөн санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук чаралары катуу сакталышы керек. Бул тууралуу Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди. Маалыматка ылайык, калаадагы коомдук жайларда инфекция чыккан учурлар катталууда. 

Бишкекте коронавирусту жуктургандар көп аныкталып жаткандыгына байланыштуу оорунун белгилеринин бар-жогу тууралуу жашоочуларды кыдырып, сурамжылоо иштери уланып жатат. 

Штаб жарандарды илдеттин белгилери пайда болсо медицина мекемелерине кайрылууга жана өз алдынча дарыланбоого чакырат. Жыйында талаптагыдай тартипти орнотуу, санитардык көзөмөлдөө жана төрөт үйлөрүндө жаңы көз жарган аялдардын саламаттыгы үчүн тийиштүү коопсуздук шарттарын түзүү тапшырмасы берилди.