Кыргызстанга Кореянын өкмөтү гуманитардык жардам иретинде 300 миң доллар бөлдү - Кыргызстан жаңылыктары
Новость www

COVID-19 коронавирус инфекциясы менен күрөшүүнүн алкагында Кыргызстанга Кореянын өкмөтү гуманитардык жардам иретинде 300 миң доллар бөлдү. 

Көрсөтүлгөн суммага ПЧР-тесттер жана коронавируска тест алуучу жабдуулар сатып алынды. Мындан тышкары Кореядагы Кыргызстандын элчилигинин күч-аракеттери менен 28 миңден ашуун долларга гуманитардык жардам тартылып, жеке компаниялардан жана өнөктөштөрдөн ПЧР-тесттер алынды. 

Гуманитардык жардам Кореядан чартердик каттам менен «Манас» эл аралык аэропортуна жеткирилди. Жалпысынан 26 миң 950 ПЧР-тесттери жана коронавирусту текшерүү үчүн керектелүүчү материалдары менен 2 жабдык комплекти келди.